Бүгүн «Дордой» менен “Хужант” Бишкекте беттешет

Бүгүн «Дордой» менен “Хужант” Бишкекте беттешет

“Дордой” футбол клубу бүгүн, 26-июнда Тажикстандын “Хужант” командасы менен Бишкекте беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат.

Беттеш Азиянын футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун 6-турунун алкагында  өтөт.

19-июнда “Дордой” Түркмөнстандын “Алтын-Асыры” менен ойноп, 3:1 эсебинде жеңилип калган.

АФК кубогунун тайпалык оюндарында «Дордой» «D» тайпасына туш келип  Түркмөнстандын “Алтын-Асыр” Тажикстандын “Истиклол”  жана “Хужант”  командалары менен ойноп, 5-турдун жыйынтыгы менен тайпада акыркы орунду ээлеген. Эми аталган командалар дагы бирден беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>