Баңгиликке азгырылып кеткен Назарбаевдин уулу Лондондо соттолду

Баңгиликке азгырылып кеткен Назарбаевдин уулу Лондондо соттолду

Лондон соту Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевди шарттуу түрдө сыноо мөөнөтү менен 1 жарым жылга соттоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев июнь айында Лондондо полицияга каршылык көрсөтүүдө жана офицерге кол салууда күнөөлүү деп табылган. Соттук териштирүүнүн натыйжасында, ал баңгизатын колдонгон абалда полиция кызматкерин чаап жиберип, колун тиштеп салган.

Соттун чечимине ылайык, ал баңгизатына көз карандылыктан арылуу үчүн дарыланып, 140 саат коомдук жумушка тартылып, 1000 фунт стерлинг айып пул, келтирилген зыян үчүн 5000 фунт стерлинг компенсация төлөп бериши керек.

Айсултан Назарбаев Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева менен маркум бизнесмен, саясатчы Рахат Алиевдин уулу. Айсултан Казакстандын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгында жана Казак футбол федерациясында эмгектенген.

 

Булак: super.kg

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>