Бабанов эжесине куран окуткан  ресторанга дагы айып салынды

Бабанов эжесине куран окуткан  ресторанга дагы айып салынды

Көп адамдын катышуусунда иш-чара өткөрүп жаткан Бишкек шаарындагы “Кайнар”  ресторанына айып салынды.  Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мэрия кызматкерлери аталган ресторанга кезектеги текшерүү менен барып, ал жерде көп адамдын катышуусунда куран окутулуп жатканына күбө болушкан. Тийиштүү мекеме тарабынан протокол толтурулуп, айып салынган.

Белгилей кетсек, мындан 2 ай мурун “Кайнар” ресторанында “Республика” партиясынын мурдагы төрагасы Өмүрбек Бабанов эжесине куран окуткан.

Ал жерден тартылган сүрөттөр коомчулукка тарап, түзүлгөн комиссия “Кайнар” ресторанынын ээлерине “тийиштүү түзүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн аткаруудан качуу” деген кине менен айып салган.  Айып пулдун суммасы 13 миң сомду түзгөн.

[su_image_carousel source=»media: 39074,39075,39076,39077″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>