Бабанов УКМКнын сурагынан 5 саттан кийин чыкты

Бабанов УКМКнын сурагынан 5 саттан кийин чыкты

“Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине  5 саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу саясатчынын сурактан чыгышын күтүп турган кабарчыбыз жеринен кабарлады.

Бабанов журналисттерге, сурак Он-Адырдагы маселе боюнча жүргүзүлгөнүн айтып, тергөөчүлөр ага сый-урмат менен мамиле кылганын билдирген. Ошондой эле УКМК аны 23-августта дагы суракка чакырганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Бабанов кечээ Финполго “Кыргызстан” банкынын айланасындагы иштер боюнча сурак берип чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>