Бакиров: Жогорку Кеңеш бүгүн түштөн кийин кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн

Бакиров: Жогорку Кеңеш бүгүн түштөн кийин кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн

Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-августта түштөн кийин кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров REPORTER маалымат агенттигине билдирди.

Ал учурда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чогулуу үчүн кол топтолуп жатканын айтты.

«Учурда кол топтолуп жатат. 40 депутаттан кол топтолсо түштөн кийин чогулуп, кезексиз жыйын өтүшү мүмкүн. Бирок ачык же жабык өтөөрү тууралуу так маалымат айта албайм», — деп  билдирди.

7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. 48 адам жабыркап, бирөө каза болду.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын жана кол тийбестигин 27 июнда алып салган. Тергөөчүлөр июнь айынан бери Атамбаевди «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин иши боюнча күбө катары суракка чакырса дагы, ал тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдөн ушул убакытка чеийин баш тартып келген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>