Балбак Түлөбаев Ысык-Көл администрациясынын эмгек жамаатына тааныштырылды

Балбак Түлөбаев Ысык-Көл администрациясынын эмгек жамаатына тааныштырылды

Бүгүн, 27-июль күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына жаңы дайындалган Балбак Түлөбаев эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балбак Түлөбаевди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров облус администрациясынын эмгек жамаатына тааныштырып, премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматына дайындоо буйругун окуп берген.

Балбак Түлөбаев 2018-жылдын август айынан бери Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеп келген.

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Акылбек Осмоналиев өкмөт аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>