Балдар адабияты жаатындагы сыйлыктардын лауреаттары аныкталды

Балдар адабияты жаатындагы сыйлыктардын лауреаттары аныкталды

Өкмөттүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 3 котормочуга ыйгарылып, алар 50 миң сомдон сый акы алышкан.

Алар:
— Наматов Аман Наматовичке – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Гүлчечекей кулунчак” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
— Ырысбай Абдыраимовго – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Түбөлүктүү чеп” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
— Сатыбалды Мамбеталиевге – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>