Балыкчы – Кочкор жолундагы унаа кырсыгынан 3 адам мерт кетти

Балыкчы – Кочкор жолундагы унаа кырсыгынан 3 адам мерт кетти

Балыкчы– Кочкор унаа жолунда бир нече адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 9-июль күнү саат күндүзгү ондор чамасында болгон. Унаа жоддун 4-чакырымында “Фолксваген-Пассат” унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасы кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам ( 46 жаштагы эркек киши, 12 жаштагы бала жана 42 жашагы аял каза болгон). Дагы үч адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>