Балыкчыда Куралдуу Күчтөрдүн машыгуусу башталды

Балыкчыда Куралдуу Күчтөрдүн машыгуусу башталды

Балыкчы шаарында  Куралдуу Күчтѳрдүн “Формирование-2019” машыгуусу башталды.

Машыгуунун ачылышына  Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кургактагы аскерлердин ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ѳттү.

Машыгуунун жүрүшүндѳ аскерге чакыруу иш-чарасынын практикалык комплекстерин аткаруу, мобилизациялык ресурстарды жиберүү,  окуу борборунда аткыч роталарды күжүрмѳндүүлүккѳ шайкеш келтирүү боюнча практикалык иш-чаралардын комплекси аткарылды.
Машыгуунун катышуучулары менен тактикалык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар ѳткѳрүлөт. Ошондой эле мобилизацияны өткөрүүнү билүү жана штабдарды окутуп-үйрѳтүү  маселелерин иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер уюштурулду.

13-августта башталган машыгуу 15-августка чейин уланат.

Ушундай эле машыгуу ушул жылдын апрель айында Майлы-Суу шаарында өткөрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>