Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча Жогорку Кеңеште канча депутат болору айтылды

Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча Жогорку Кеңеште канча депутат болору айтылды

Бүгүн, 26-январда Конституциялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат. Конституциянын жаңы долбоору боюнча Жогорку Кеңеште 90 депутат боло турганын аталган кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Жыйында Бөрүбашев шайлоо системасы кандай болоору көрсөтүлбөгөнүн айтып, бийликтин баарын конституциялык кеңешмеге алып алуу мүмкүн эместигин белгиледи.  

Белгилей кетсек, Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Жаңы баш мыйзамдын долбоорун талкулоо үчүн түзүлгөн кеңешменин курамына 85 адам кирген. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев кеңешменин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков орун басары болуп дайындалган.

Кеңешменин курамына укук таанучулар, илимий чөйрө менен жарандык коомдун өкүлдөрү, парламент депутаттары, эксперттер кирген. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>