Башаламан жаратты. Мейманканадагы элди жылаңач эшикке кууп чыкты (ФОТО)

Башаламан жаратты. Мейманканадагы элди жылаңач эшикке кууп чыкты (ФОТО)

Талас шаарынын “Kerben Palase” мейманканасында таңкы төрттөрдө белгисиз кишилер чаң-будуң салып кетти. Эшиктерин сындырып, унаалардын айнектерин талкалап, мейманканада эс алып жаткандардын дээрлик баарын суукта жылаңач эшикке кууп чыкты. Арасында балалуу энелер да бар болчу. Кары-жашы дебей ашата сөгүп, пистолети менен коркутту. Мейманкананы ар кайсы жери кан болду. Бул туурасында журналист Авланбек Жумабаев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, милицияны чакырса 40 мүнөттөн кийин келебиз деп жооп берген. Шашпай келгени аз келгенсип, мейманканага ызы-чуу салып жаткандарды колу-бутун бууп кармабастан, жай гана унаага түшүүнү суранып отурганына күбөлөр нааразы болгон.

Ошондой эле мейманкананын коопсуздук чаралары көрүлбөгөнүнө таң калган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>