Башкы прокуратура Атамбаевдин кайрылуусу тууралуу үн катты

Башкы прокуратура Атамбаевдин кайрылуусу тууралуу үн катты

Башкы прокуратура абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кечээ, 2-сентябрда жарыяланган билдирүүсү боюнча үн катты.

Анда Атамбаев айтып жаткан Батукаевди Бакиевге алмаштыруу операциясы мыйзамсыз болгонун, мурдагы президент Жаныш Бакиевди жөн гана бетине кармап жатканы айтылат. 

“Алмазбек Атамбаев өзүнүн кайрылуусунда, буга чейин сот баа берген мыйзамсыз аракеттерин актоо үчүн Жаныш Бакиевди алып келүүнү көздөп Азиз Батукаевди бошотуу боюнча атайын операцияны колдогондугун айткан.  

Белгилей кете турган нерсе Жаныш Бакиевди экстрадициялоо эл аралык мыйзамдарга ылайык гана жүргүзүлөт. Башка экстрадициялоонун жолу жок. 

Бул аталган атайын операциянын мыйзамсыз болгондугун тастыктайт.  Ал эми Жаныш Бакиевди мыйзамсыз аракетин жашыруу үчүн гана калканыч катары кармаган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары маалыматта Алмазбек Атамбаев ээлеген кызматын пайдаланып, элге берген убада, антын унутуп, мыйзам бузган аракеттерди жасап, бийликтин кадырын түшүргөндүгү айтылат.  

Белгилей кетсек, кечээ, 2-сентябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттолгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү жарыяланды. 

Анда Атамбаев Батукаевди эркиндикке чыгаруу Жаныш Бакиевди кармап келүү үчүн ишке ашырылганын жазган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>