Баткен окуясы: Жаңы үйлөр ээлерине берилди

Баткен окуясы: Жаңы үйлөр ээлерине берилди

Бүгүн Баткендеги чек ара чуусунан каза болгон 36 адамдын үй-бүлөлөрү үчүн курулган жаңы үйлөр тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Үй үч бөлмөлүү. Ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын жабдыктары менен камсыздалган.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Жогорку Кеңештин депутатыКарамат Орозова жана президенттин коомдук иштери боюнча кеңешчисиАссоль Молдокматоважана каргашалуу окуяда 36 эр азаматтардын жакындары катышты.

«Алгач куран окулуп, андан соң облус башчысы шейит кеткендердин жакындарына президент Садыр Жапаровдун атынан жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтуу менен, сабырдуулук каалады.

«Алардын мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган, уул кыздарыбыз тарбиялансын» деп баса белгиледи Алимбаев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>