Site icon Reporter.kg

Баткен окуясында жабыркагандар бир катар салыктардан бошотулду

Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабы алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейинки мөөнөттө Баткен облусундагы окуялардын кесепетинен жабыркаган ишкерлердин тизимине киргизилген салык төлөөчүлөр (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:

Көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр ошол мезгилде пайда болгон салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасынын мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызды салык органына берүүгө укуктуу.

2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки отчеттук мезгилде салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туум көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбайт.

Ошондой эле, жергиликтүү кеңештерге Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталды.

Exit mobile version