Баткен: Сүлүктү шаарына жаңы мэр келди (РЕЗЮМЕ)

Баткен: Сүлүктү шаарына жаңы мэр келди (РЕЗЮМЕ)

Президент  Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кадыркулов Максат Турганалиевич Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул туурасында өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Буга чейин ал Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан.

Максат Кадыркулов 1987-жылы Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Кесиби боюнча юрист жана экономист. Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин, ошондой эле И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык экономика жана менеджмент институтун финансы жана кредит багыты боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

— 2005-2006-жылдары Ак-Жар айыл өкмөтүндө компьютердик маалымат боюнча адис;

— 2006-2009-жылдары «Акыл» дыйкан чарбасынын мүчөсү;

— 2009-жылы улгайгандарды үйүндө кароо боюнча социалдык кызматкер;

— 2009-2011-жылдары райондук мамлекеттик администрациясынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

— 2011-2013-жылдары райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү жана түз инвестицияларды тартуу секторунун башчысы;

— 2013-2020-жылдары Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы;

— 2020-жылдын 17-мартынан тарта Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары болгон.

Ошондой эле 2008-2009-жылдары Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты болгон.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>