Баткенде үч өлкөнүн катышуусунда “Салттуу музыка” жана “Достук” фестивалы өтөт

Баткенде үч өлкөнүн катышуусунда “Салттуу музыка” жана “Достук” фестивалы өтөт

Баткен шаарында 23-25-апрель күндөрү “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканы алып жүргөн дасыккан чеберлер жана өсүп келе жаткан жаш таланттар катышат.

Иш-чара калкка руханий гүлазык катары баалуулуктардын башатында турган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу максатын көздөп, коңшу жашаган элдер менен ынтымакты бекемдөө, алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу болуп саналат.

Ошондой эле иш-чара салттуу маданияттагы кол өнөрчүлүктү даңазалоо аркылуу уста, чеберлерге дем берүүнү көздөп, элдердин достугун, ынтымагын биримдигин бекемдеп, жаш муундардын интернационалдык тарбиясын жакшыртууга багыт алат.

Фестивалдын ачылыш аземи 23-апрелде саат 10:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында өтөт. Аны менен катар Бишкек шаарында “Коомдук руханий адеп- ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасындагы эл аралык илимий- практикалык конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>