Site icon Reporter.kg

Баткенде 53 жаштагы аял бир жумадан бери дайынсыз болууда

Баткен облусунда психикалык жактан жабыркаган аял бир жумадан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

24-майда болжол менен саат 08:30да Баткен районунун Самаркандек айылынын 1968-жылы туулган тургуну Батма Мурзалиева өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, башында ак түстөгү жоолук.

Белгилери: бою 160-175 см, кашы-көзү кара, арык-чырай келген, чачы кара узун.

«Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү аялды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (03622) 5-17-56; 0774 77-86-88; 0709 73-66-37.

 

Exit mobile version