Баткенде баатыр энелер менен ардагер айымдар сыйланды

Баткенде баатыр энелер менен ардагер айымдар сыйланды

Баткен облусунда баатыр энелер жана ардактуу ардагер апалар сыйланды. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, 8-март аялдардын эл аралык майрамынын урматына, Баткен облусундагы эң жашы улуу апаларды, көп балалуу баатыр энелерди жана бүт өмүрүн мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө арнаган апаларды куттуктады.

Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык куттуктоо, каалоо тилектерин жана белектерин, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров, майрам ээлерине жеткирген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>