Баткенде дан эгиндерин жыйноо былтыркыга салыштырмалуу 1 миң гектарга көп жыйналды

Баткенде дан эгиндерин жыйноо былтыркыга салыштырмалуу 1 миң гектарга көп жыйналды

Баткен облусунда дан эгиндерин жыйноо планы былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миң 117 гектарга көп жыйналды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов билдирди.

“Пандемиянын шартында болсо да биз айыл чарба тармагында планды былтыркы жылга салыштырмалуу көп аткарууга жетиштик. Бүгүнкү күндө оруп жыйноо иштери аяктоодо. Быйылкы жылы облуста 25778 гектар кылкандуу дан эгиндерин жыйноо керек болсо, азыркы учурда өткөн жылга салыштырмалуу 1117 гектарга көп жыйнадык”, — деп билдирди  ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>