Баткенде ок атуулар уланууда. Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен күйүп кетти

Баткенде ок атуулар уланууда. Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен күйүп кетти

Чек ара аймактарында айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ок атышуунун натыйжасында азыркы учурда 134 адам жабыркап, 13ү каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиилктүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилип жатканы айтылат.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн, ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куйуучу бекеттер бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>