Баткенде той өткөргөн тогуз адамга айып салынды, — сүрөт

Баткенде той өткөргөн тогуз адамга айып салынды, — сүрөт

Баткен облусунда үй шартында той өткөргөн 9 адамга айып салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Малыматка ылайык, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, аппаратынын жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлеринен түзүлгөн облустук комиссия, район шаарларда беткап режими жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча мекеме ишканаларга рейд жүргүзүүдө.

Жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме ишканалардын санитардык абалы текшерилген.

Натыйжада кечээ 24-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3000 сомдон айып салынды.

Ал эми бир күндө жалпы 133 ар кандай багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишканага, 93 миң сом айып салынган.

[su_image_carousel source=»media: 41740,41741,41742,41743,41744,41745,41746″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>