Баткенде жол кырсыгынан бир адам өлүп, эки адам жабыркады

Баткенде жол кырсыгынан бир адам өлүп, эки адам жабыркады

Баткен районунун Кызыл-Жол айылында жол кырсыгы катталып,  бир адам каза болуп, эки адам жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Daewoo Matiz  унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

ӨКМдин куткаруучулары кырсык болгон жерге барып, каза болгон 53 жаштагы адамдын сөөгүн унаадан чыгарып тез жаржам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>