Баткенге мыйзамсыз кирген 7 тажик жараны кармалды

Баткенге мыйзамсыз кирген 7 тажик жараны кармалды

Баткен районунун Ак-Сай айылында мыйзамсыз жүргөн 7 тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-майда саат 11:00ге жакын Тажикстандын 2 жараны Ак-Сай айыл ичинде жөө баратып, өз алдынча байкоо жүргүзүп  кыргыздардын намысына тие турган сөздөрдү айтышканда, Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары кармап алышкан. Ошол эле замат тажик чек арачысы келип калганда, аны да жергиликтүү тургундар кармап алышкан.

Ал эми Ак-Сай айылынын 3 кыргыз жараны Кишемиш жайлоосунан “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү 2 автоунаа  менен кайтып келе жатканда Тажикстандын Ворух анклавында тажик жарандары аркылуу кармалган.

Андан кийин Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар «Hyundai Sonata»  жана «Honda CR-V» үлгүсүндөгү унаалары менен 4 тажикстандыкты кармашкан.

Аталган аймакка Баткен ОИИБнын жетекчиси Мурат Боронов, Баткен РИИБнин начальниги менен келип, чогулган элдер менен жолугушкан.

Андан соң тийиштүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эки тарапта кармалып турган жарандарды алмаштыруу орун алган.

Тажикстандын жарандары тарабынан кармалган 3 кыргыз жараны Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Бул окуя Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылат.

Азыркы учурда абал туруктуу.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт өкүлү Ворух аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандык тажиктер тарабынан сабалганы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>