Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук отурум уланат

Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук отурум уланат

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу алдын ала угуу боюнча соттук отурум уланат.

11-октябрга белгиленген отурумда негизги айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залына келүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу отурум 14-октябрга жылдырылган.

Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылган. Алардын ичинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов “Коррупция” беренеси менен айыпталып жатат.

Ал эми 14 адам тергөө менен кызматташуу үчүн келишим түзгөнү үчүн, аларга башка айып тагылышы мүмкүн.

Шектүүлөрдүн ичинен Бусурманкул Табалдиев Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>