Базар-Коргондо бир тууган өспүрүм кыздар изделүүдө

Базар-Коргондо бир тууган өспүрүм кыздар изделүүдө

Жалал-Абад облустук милициясы он бир күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 15 жана 16 жаштагы бир тууган кыздарды табууга коомчулуктан жардам сурап кайрылды.

Изделип жаткандар 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна. Алар 18-июль Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.


Сабырбекова Нурзаданын өзгөчө белгилери: Бою 140-145см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун.  Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.


Сабырбекова Нурзиянын өзгөчө белгилери: Бою 160-165см, өңү сары, кашы, көзү сары, чачы сары, кыска.Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.

Эгерде жогорудагы жоголгон кыздар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>