Базар-Коргондо мамлеккеттик жумушка кабыл алуу сынагы мызам бузуу менен өттү

Базар-Коргондо мамлеккеттик жумушка кабыл алуу сынагы мызам бузуу менен өттү

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Базар Коргон райондук башкармалыгынын жетекчилигине болгон тандоо сынагы  жаңжал менен коштолду. Катышуучулардын айтымында сынак учурунда бир нече мыйзам бузууга жол берилген.  Сынактын талапкерлери тандоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен тиешелүү органдарга кайрылышканын айтышты.

Белгилүү болгондой, жеңүүчү деп табылган Мунарбек Калмаматов эссе жазууда жана маектешүүдө өзгөчөлөнгөнү менен Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөөсүнөн эң төмөн балл алган.

Катышуучулар видеого түшүрүү аркылуу кайрадан тестирлөө өткөрүүнү талап кылышууда.

Алар сынак учурундагы эреже бузууларды тизмелеп  REPORTER.KG агенттигине айтып беришти.

  • Конкурустун биринчи күнү электр жарыгы өчүп калгандыктан талапкерлердин жарымы сынакка катышпай калган. Бул кайсы бир тараптын өз адамдарын сүрмөлөө үчүн атайын жасалышы мүмкүн.
  • Компьютердик тесттин экинчи турунда жеңүүчү адам эң төмөн упай алган, бирок эссе жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган.
  • Жеңүүчү менен экинчи оорунду алган аттандаштын ортосунда 0,8 упай айырма болгон.

Жыйынтыктап айтканда сынактын башка талапкерлери Мунарбек Калмаматовду «калыстар сүйрөп отуруп жеңүүчү кылды деген» нааразычылыктарын айтышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>