Бажы кызматынын төрагасы Оңолбеков кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алтынбек Торутаев дайындалды

Бажы кызматынын төрагасы Оңолбеков кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алтынбек Торутаев дайындалды

Бүгүн, 5-августта Алмаз Оңолбеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Оңолбеков берген арызынын негизинде кызматтан алынган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ал эми аталган кызматтын Алтынбек Торутаев дайындалды. Ал мурда Оңолбековдун орунбасары кызматта болчу.

Торутаев Алтынбек Элимовичтин эмгек жолу:

05.08.2019 -жылы – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы;

08.2018 –05.08.2019-жылдары –КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары;                                    

12.2017 – 08.2018-жылдары  – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгы;

04.2016 – 12.2017 –жылдары – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

08.2015 – 04.2016-жылдары — КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын  «Ош» бажысынын башчысы;

08.2014 – 04.2015-жылдары  — КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын  Түштүк-Батыш бажысынын башчысынын орун басары;

02.2011 – 08.2014-жылдары –  КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын  Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысынын орун басары;

06.2010 – 02.2011-жылдары  – КРӨгө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын  Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инспектору;                                         

08.2007 – 06.2010-жылдары– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын улук  инспектору;

03.2006 – 08.2007-жылдары –  КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

01.2003 – 03.2006-жылдары –  КР Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Тармактык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;                                          

09.2000 – 03.2001-жылдары –  Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын Салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону контролдоо бөлүмүнүн инспектору.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>