Бажыдагы текшерүү 90 секундда. “Бир Бол” коррупция менен кантип күрөшөт?

Бажыдагы текшерүү 90 секундда. “Бир Бол” коррупция менен кантип күрөшөт?

“Бир Бол” партиясы бажы пункттарында товарларды текшерүүдө көзөмөл-өткөрмө процессин автоматташтырып, бажы кызматкерлеринин санын азайтууну сунуштайт.

Кыргызстанда мамлекеттин казынасынан бир тыйын коротпой, 90 секунд ичинде “растаможка” кылууга  мүмкүнчүлүк түзө турган реформаны кантип ишке ашырса болот?

— Бажы кызматы менен салык кызматы бириктирилет.

— Бажыдагы кызматкерлердин саны азаят.

— Бардык чек ара пункттарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде эл аралык инвестор тарабынан “3D рентген-тоннелдер” курулат.

— Чек арадагы операторлор мамлекеттик-жеке өнөктөш инвестор тарабынан ишке алынат.

— Бардык фуралар 90 секунд ичинде рентгенден өтөт.

— Ал жерде алынган 3D сүрөттөр жана электрондук декларациялар Бишкектеги диспетчердик борборго ошол эле учурда жөнөтүлөт.

— Бажы кызматкерлери айдоочу жана жүктүн ээси менен беттешпейт, Бишкектеги Көзөмөлдөө борборунан туруп эле 3D сүрөттүн декларацияга дал келип-келбегенин 1 мүнөт ичинде тастыктайт.

— 90 секунд ичинде “тоннелден” өтүп, декларациясы тастыкталган айдоочу, бажы кампасына барбай туруп, жүгүн өзүнүн кампасына түшүрөт.

— Бажы салыгын 10 иш күн ичинде банк аркылуу которот.

 “Бир Бол” №13 – парламенттеги сиздин үнүңүз!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 30-сентябрь, 2020-жыл.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>