Бейтап өлгөн эмес! Көз жумган бейтапка ыйлаган кыздын окуясы боюнча жаңы жагдайлар

Бейтап өлгөн эмес! Көз жумган бейтапка ыйлаган кыздын окуясы боюнча жаңы жагдайлар

Жакында эле оорукананын алдында жан берген бейтапты сактап калуу үчүн  жети мүнөт жетпей калганын айтып ыйлаган Айдана Мурзаева аттуу ыктыярчы кыздын видеосу интернетте тараган.

Маалыматка караганда, 16-июль күнү саат саат 22:50дө Ак-Ордо конушунда бир бейтаптын абалы оор экендиги тууралуу “Демилгечи жаштар борборунуна” маалымат түшөт. Алар бейтапты шаардагы ооруканалардын бирине жеткиргенде орун жок деп кабыл алышкан эмес.

22-июль күнү Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратып, жогоруда сөз болуп жаткан бейтаптын каза болбогондугун кабарлады.

“Ал адам өлгөн эмес, кечээ Жоломан Карымшаков ыктыярчыга ыраазычылыгын билдирди. Интернетке тараган видеодон кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо-жайын жана кайсы оорукана кабыл албай койгондугун текшерген”, – деп жазылат маалыматта.

ИИМден ырастагандай, чын эле оорукана бейтапты кабыл алган эмес, “башка ооруканага жаткызканга чейин убактылуу кычкылтек концентраторуна кошуп тургулачы” деген суранычка дарыгерлер макул болушкан.

Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационардагы иштеген дарыгерлердин бири, ыктыярчылар алып келген адамдын жүрөгү токтоп, каза болуп калгандыгын айткан. Ал адамдын кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда. Ыктыярчылар кетип калышкандан кийин тиги жаран кайрадан эсине келген. Иликтөө иш-чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты. Ал тирүү эле экен, жердиги Ата-Башы районунун тургуну, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендигин аныкталды”, – деп жазылат билдирүүдо.

Жоломан Карымшаков 16-июль күнү саат түнкү ондор чамасында мас абалда жүрүп, кан басымым көтөрүлүп Ак-Өргө конушунда жолдо жатып калганын,  аны ыктыярчылар ооруканага алып барганын жана ооруканада эсине келип үйүнөчыгып келгенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>