Бейтапкана кызматкери 4 мүмкүнчүлүгү чектелген кишини өлтүргөн

Бейтапкана кызматкери 4 мүмкүнчүлүгү чектелген кишини өлтүргөн

Германиянын Потсдам шаарында ооруканада төрт адам өлтүрүлгөн. Алардын  бардыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болушкан. Бул тууралуу немис басылмалары жазышты.

Каза болгондордун сөөгү оорукананын ар кайсы бөлүмдөрүнөн табылган, милиция зордук-зомбулук менен  өлүмдүн изин тапты. Дагы бир адам катуу жаракат алган. Ал эми оорукананын 51 жаштагы кызматкери атайылап киши өлтүрүүгө шектелип камакка алынды. Анын себептери азырынча белгисиз, териштирүү уланууда.

Мурда Карелиядан келген кызматкер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды өлтүргөндүгү үчүн 16 жылга соттолгон. Аял өзүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген иниси жана сиңдисинин үйүнө келип, аларга бычак менен кол салган. Экөөнү тең өлтүрүп, үйдөн 206 миң рубль уурдап, кылмыш кылган жерден качып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>