Бекешев: Мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орой мамиле кылууну токтоткула, ошолордун каражатынан жашап жатасыңар

Бекешев: Мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орой мамиле кылууну токтоткула, ошолордун каражатынан жашап жатасыңар

«Өкмөт мамлекеттик кызматкерлер үчүн жарандар менен иштешүү багытында семинарларды өткөрүп, аларды маданияттуу мамиле жасоого үйрөтүшү керек». Мындай пикирин бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер саатында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Эл өкүлү мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орой мамиле жасаганы боюнча көп кайрылуулар түшүп жатканын айтып, жарандарга жакшы мамиле жасоо тууралуу иш-чараларды уюштуруу керектигин белгиледи.

«Кызматтагы адамдардын айлыгы төмөн болушу мүмкүн, бирок ага жарандардын күнөөсү жок. Мамлекеттик кызматкерлер ошол жарандардын каражатына жашап жатканын эстен чыгарбашы керек», — деди Бекешев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>