Белгилүү өзбек ырчысы президенттик шайлоого катышарын айтты — видео

Белгилүү өзбек ырчысы президенттик шайлоого катышарын айтты — видео

Жакында эле музыкалык карьерасын аяктаганын жарыялаган белгилүү өзбек ырчысы Жахонгир Отажонов алдыдагы президенттик шайлоодо талапкер катары катышуу ниетин билдирди, деп жазат Podrobno.uz.

«Урматтуу достор! Бүгүн интернеттен президенттик шайлоого даярдык иштери ушул жылдын март айында башталаарын билдим. Мен буга чейин өзүмдүн сүйлөгөн сөздөрүмдө тамаша катары айткан элем. Бирок ар бир тамашада кандайдыр бир чындык бар. Мен эми президент болом деп ачыктан-ачык билдирип жатам. Мен болом деп үмүттөнөм. Чындыгында, Куранда аракет кылган ар бир адам максатка жетет деп айтылат», — деп белгилеген ал Instagram баракчасында.

Ырчынын айтымында, ал үчүн президенттик кызматтын максаты — Өзбекстандын өнүгүү жолунда ак ниет кызмат кылуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>