Белгисиз адам бала бакчадагы балдарга бычак менен кол салды — видео

Белгисиз адам бала бакчадагы балдарга бычак менен кол салды — видео

Кытайда белгисиз адам бала бакчадагы балдарга бычак менен кол салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Окуя Кытайдын Гуанси-Чжуан автономиялуу районунун Бейлу шаарында болгон. Кол салган адам учтуу курал менен мекемеге мыйзамсыз кирген. Натыйжада эки тарбиячы жана 16 бала бычактан жаракат алышкан. Жабырлануучулардын бардыгы ооруканага жаткырылды, эки баланын абалы оор. Видеодон бир нече баланын канга боёлуп, ыйлап жатканы да угулат.

Шектүү коопсуздук кызматы тарабынан кармалгандыгы белгиленди. Анын себептери жана колдонгон курал-жарактын түрү иликтенип жатат.

Бул Кытайда балдарга жасалган биринчи кол салуу эмес. 2019-жылдын ноябрь айында бир адам бала бакчанын аймагына кирип, балдардын арасына каустик химикатын чачкан. Окуя өлкөнүн түштүк-батышындагы Юньнань провинциясынын Кайюань шаарында болгон. Ошол эле жылы апрель айында бир адам Хунань провинциясындагы башталгыч мектептин окуучуларына бычак сайган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>