«Билайндын» мурдагы башкы директору Евгений Кражан кармалды

«Билайндын» мурдагы башкы директору Евгений Кражан кармалды

«Скай Мобайл» ЖЧКсынын мурунку башкы директору Евгений Кражан кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда коомчулукка маалымдалгандай, Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык тергөө тобу жана Мамлекеттик улуттук байланыш агенттигинин айрым кызмат адамдары тарабынан коррупция фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирүүдө. Жеке компаниялардын өкүлдөрү менен тымызын сүйлөшүп жүргөн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, мыйзамдардын талаптарын бузуу менен Кыргызстандын радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензияны узартуу жана трансформациялоо боюнча иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Аталган иштин алкагында, 2021-жылдын 2-февралында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деп шектелип «Скай Мобайл» ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Кражан Евген Викторович кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анткени, ал аталган ЖЧКнын жетекчиси болуп турган мезгилде бул компаниянын кызыкчылыгын көздөп, радиожыштыкты спектрин пайдаланууга берилген лицензияны кайра каттоо жана трансформациялоого көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Өкмөтүнүн жогорку кызмат адамына акча түрүндө материалдык пайда (пара) бергендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>