Билим берүү министрлиги: 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат

Билим берүү министрлиги: 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат

Кыргызстандагы билим берүү  тармагында эмгектенген 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, операция “Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борбору тарабынан жасалат. Бул үчүн билим берүү министри Каныбек Исаков аталган борбордун директору менен атайын келишимге кол коюшкан.

Билим берүү кызматкерлеринин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>