Билим берүү министрлиги: Мектеп окуучусунун бир күндүк тамактануусуна 7 сомдон бөлүнөт

Билим берүү министрлиги: Мектеп окуучусунун бир күндүк тамактануусуна 7 сомдон  бөлүнөт

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусуна багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Каржы министринин орун басары Улугбек Кармышаковдун маалыматында, өкмөттүн милдеттемеси боюнча мектеп окуучуларынын тамактануусуна 7 сомдон каралган. Кошумча 88 миллион сом менен быйылкы жалпы бөлүнгөн каражат 555 миллион сомду түздү.

Депутат Жыргалбек Турускулов бир окуучуга 7 сом жетиштүүбү жана тамактын даамдуулугун ким текшерүүгө алат? деген собол салды.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтуусунда, 7сом бир окуучуга жетет. Бул иш жүзүндө далилденген. Ал эми грант катары бөлүнүп жаткан каражат заманбап жабдууларга жана ашпозчуларды окутууга сарпталат. Тамактын сапатын ата-энелер жана Саламаттык сактоо министрлиги текшерүүгө алат.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү мектептердеги балдардын тамак-аш коопсуздугу бир жылда бир ирет текшерилерин айтып, бирок мамлекеттик мекеме болгондуктан каалаган учурда текшерүүгө алса болот, чектөө жок экенин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>