Бир суткада 78 медкызматкерге коронавирус жукту, экөө каза болду

Бир суткада 78 медкызматкерге коронавирус жукту, экөө каза болду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 78 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.  Бул тууралуу 7-июлда  коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Ал эми соңку суткада эки медицина кызматкери коронавирустан каза болгон.

Алардын бири Ош облустук аймактар аралык ооруканада дарылынып жаткан 62 жаштагы кызматкер. Экинчиси Ысык-Көл облустук ооруканасында дарыланып жаткан 61 жаштагы врач-педиатр болгон.

Ошондой эле бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>