Бишкек мэриясында кадрдык алмашуулар болду

Бишкек мэриясында кадрдык алмашуулар болду

Бишкек шаарынын мэриясынын курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси Абдес Анарбеков Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинин бош кызмат ордуна которулду.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Азиз Суракматов жана Ысык-Көл облусунун губернатору Балбак Түлөбаев кол койду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>