Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кичи автобус 18 жүргүнчүсү менен оодарылып кетти — видео

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кичи автобус 18 жүргүнчүсү менен оодарылып кетти — видео

Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 18 жүргүнчү менен бара жаткан кичи автобус оодарылып кетти. Бул тууралуу «Turmush» басылмасы күбөлөр билдиргенин жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсык 24-октябрда саат 13:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында катталган. Жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

Кичи автобустун айдоочусу жүк ташыган унаадан ашып өтүүгө аракет кылган. Бирок рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Анын ичинде 18 жүргүнчү болгон. Оор жараат алгандар жок экени айтылууда.

Кырсык катталган жерде жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери иш алып барышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>