Бишкек-Ош жолунда жол тыгын. 500дөн ашык унаа турат

Бишкек-Ош жолунда жол тыгын. 500дөн ашык унаа турат

Бишкек-Ош унаа жолунун 420-чакырымында Беке-Чал тилкесинде чиркегичи бар “MAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жол кыймылына тоскоолдук жараткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, саат 09:00дө унаалар өтө албай, жол тыгынын пайда болгон. 500дөн ашуун унаа токтоп калган. Кырдаалды жөнгө салуу максатында Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ иш алып барышкан. 1 автокран жана 1 автожүктөгүч тартылып, оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгарылган.

Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат. Жабыркагандар жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>