Бишкек шаардык сотунун эшиктерин талкаланган шектүү кармалды

Бишкек шаардык сотунун эшиктерин талкаланган шектүү кармалды

Бишкек шаардык сотунун имаратына түнүчүндө эшиктердин кулпусун сындырып кирип барган деп шектелген адам Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу 13-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргенин «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы шектүү азыр Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Милиция окуяны Жазык кодексинин “Уурулук” деген 200-беренесинин негизинде каттоого алып, келтирилген чыгымды тактап жатат. Мекеме билдиргендей, 10-февралга караган түнү Бишкек шаардык сотунун имаратына кирген адам судьялардын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардагы иш бөлмөлөрүнө кирген.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы белгисиз бирөөлөр имаратка эшиктин кулпусун сындырып кирип барышканын 10-февралда маалымдаган, бирок бардык иштер ордунда экенин, жарандык, жазык же административдик иштер жоголгону жөнүндө маалымат жок экенин билдирген.

Ага чейин социалдык түйүндөрдө шаардык соттогу айрым иштер уурдалганы тууралуу маалымат тараган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>