Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу берилбейт

Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу убактылуу берилбейт

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаарынын айрым конуштарында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мериясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү борбордун айрым аймактарында суу токтотулат.

Алар:

  • Эне-Сай;
  • Дордой-1, Дордой-2;
  • № 21 муниципалдык аймактык башкармалыгы;
  • № 2, 2а жана 4 бала бакчаларында;
  • № 9 үй бүлөлүк медицина борбору;
  • № 20 китепкана;
  • № 7, №6 участкалык милициялары;
  • №21, №94 орто мектептеринде убактылуу таза суу берилбейт.

Суу менен камсыздоо үчүн бардык суроолор боюнча 1533 номерине чалып байланышсаңыздар болот.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>