Бишкек: Жол кирени эми мэрия чечиши мүмкүн

Бишкек: Жол кирени эми мэрия чечиши мүмкүн

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев жол кире тагдырын чечүү укугун мэрияга берүүгө кызыктар экенин шардана кылды. Анын шаардыктарга кайрылуусунда, биринчи жол кире тарифин шаардык депутаттар чечип, андан соң бул маселени чечүү укугун мэрияга берүүгө аракет кылып жатат.

“БШКда 10 жылда бир каралып турбастан, Мэрия бул маселени БШКга жөнөтүп, же шылтап коюп отура бербестен, өзү тез-тез, экономикага, Бишкектеги социалдык абалга карап, ыкчамдуу чечип ала тургандай кылуу керек деген ойдомун. Ошондуктан тарифтерди бекитүү укугун тактап, мэрияга өткөрүп берүү маселесин карашыбыз абзел” – деди төрага.

Буга чейин Бишкекте жол кире кымбаттары айтылган, ар кандай нааразылыктар жаралган. Тарифти жергиликтүү кеңеш чече албайт деген маалыматтар тарап кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>