Бишкекке курулган «Газпромдун» заманбап мектебинин ачылышы болду (сүрөт)

Бишкекке курулган «Газпромдун» заманбап мектебинин ачылышы болду (сүрөт)

Бишкекте жаңы курулган «Газпром Кыргызстан» мектебинин расмий ачылышы өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын мааылматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Өлкө башчысы анда  окуучуларды “Билим күнү” жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Андан соң, мектептин курулушун  толугу менен өзүнө алган»Газпром Кыргызстан» ишканасына жана Орусияга мамлекетине ыраазычылык билдирген.

Президент ошондой эле «Газпром — балдарга» программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында тогуз дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин курган компаниянын социалдык жоопкерчиликтүүлүгүн баса белгиледи.

Эске салсак, «Газпром» компаниясы «Газпром – балдарга» социалдык-программасынын алкагында Бишкектин «Асанбай» кичи районуна 960 орундук заманбап инфраструктура менен мектеп курган.

Мектептин курулуш аяктап калган кезде, Бишкектин мэриясынын аны башкаруу мүмкүнчүлүгү жок экендиги аныкталып, 31-июлда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, мектепти «Газпром» компаниясы өзү иштетүүнү бир добуштан колдоп беришти.  «Газпромдун» өкүлдөрүнүн айтымында, окуунун бир айлык баасы 22 миң сомду түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>