Бишкекте 20-сентябрдан баштап коомдук транспорттор төлөмдү электрондук карта аркылуу кабыл ала баштайт

Бишкекте 20-сентябрдан баштап коомдук транспорттор төлөмдү электрондук карта аркылуу кабыл ала баштайт

Бишкек шаарынын тургундары 20-сентябрдан баштап коомдук транспорттордогу төлөмдөрдү электрондук карта аркылуу ишке ашырат. Тагыраагы, алгач 10 автобус жана 10 троллейбус электрондук төлөм системи аркылуу иштейт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлаганын «super.kg» жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, мектеп окуучулары үчүн аты көрсөтүлгөн карточкалар жасалат. Автобус жана троллейбус каттамдарын пайдалануу үчүн карточкалар октябрь-ноябрь айларында берилет. Ал эми 2020-жылдын февраль айынан тарта маршруттук каттамдар үчүн бериле баштайт.

Электрондук систем үчүн карталарды даярдоо тендерин «BPC» швейцариялык компаниясы утуп алган. Бүгүнкү күндө компания карточкалардын пилоттук үлгүсүн көрсөттү. Карточкадагы жазуулар кыргыз жана орус тилдеринде болот. Бир карточканын баасы 50 сом. Ал эми окуучулар үчүн бир карточканын баасы 1 айга 175 сомду түзөт. Окуучулар мектепти аяктаганга чейин бир эле карточканы колдонот. Эгер жоготуп же кандайдыр себептер менен жараксыз кылып алган болсо 50 сомго жаңысын ала алат. Карточкадагы балансты толуктоо Pay24 терминалы аркылуу жүргүзүлөт.

Андыктан мэрия ата-энелерге балдарынан жеке маалыматтарды алуу учурунда түшүнүү менен мамиле кылуусун суранат.

Бишкек шаардык кеңешинин №312 токтомуна ылайык, 7 жашка чейинки балдарга, пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, почточуларга транспорттук каттамдарда акысыз жүрүү тартиби сакталат. Аларга карточкалар акысыз берилет.

Ушул жылдын 25-февралында Ош шаарында коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган систем ишке кирген. Ал эми 28-февралда Ош шаарындагы троллейбустар толугу менен автоматтык тейлөөгө өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>