Site icon Reporter.kg

Бишкекте 500 балага гуманитардык жардам таркартылды

Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таркартылды.  Бул тууралуу Саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирген.

«Бул азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы “Аль-Махтум” фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле буга “Жаркын жаштар келечеги” фондунун салымы чоң», — деген ал.

Exit mobile version