Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борбору ачылат

Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борбору ачылат

Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 25-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашып, казак элчиси Кайрат Нурпеисов жакында Кыргызстанда Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борбору ачыла тургандыгын, анын ачылыш аземин биргеликте уюштурууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар бул багытта эки тараптуу кызматташууну макулдашты.

[su_image_carousel source=»media: 49656,49658,49660″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>