Бишкекте АФК Кубогунун оюндары өтөт

Бишкекте АФК Кубогунун оюндары өтөт

Футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычтагы оюндары Бишкек шаарында өтөт. Мындай чечим Азия футбол конфедерациясынын 1-мартта өткөн отурумунда кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, Бишкекте АФК Кубогунун Е тайпасындагы оюндар орун алат. Анда “Дордой” (Кыргызстан), “Ахал” (Түркмөнстан) жана “Равшан” (Тажикстан) командалары ойнойт.

Ал эми “Алай” командасы түшкөн F тобундагы оюндар Тажикстандын Дүшанбе шаарында өтүп, “Алай” (Кыргызстан), “Алтын Асыр” (Түркмөнстан), “Насаф” (Өзбекстан) жана Худжанд (Тажикстан) командалары беттешишет.

Белгилей кетсек, 2020-жылы пандемияга байланыштуу АФК Кубогунун оюндары өтпөй калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>