Бишкекте айдоочу сүзүп алган жөө жүргүнчү окуя болгон жерден мерт кетти

Бишкекте айдоочу сүзүп алган жөө жүргүнчү окуя болгон жерден мерт кетти

Бишкекте 24 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп алды. Кырсыктан жаракат алган жаран окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу патрулдук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-июлда саат 23:30дар чамасында болгон. Анда 1996-жылы туулган М.А. аттуу айдоочу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен 50-55 курактагы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Унаа Тоголок-Молдо көчөсү менен түштүктү көздөй бара жаткан.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>