Бишкекте асманга ок чыгарган киши кармалды

Бишкекте асманга ок чыгарган киши кармалды
Бишкекте асманга ок чыгарган киши кармалды. Бул туурасында Ленин райондук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-ноябрда интернетке ыкчам аракет көрүү тобунун (ГБР) кызматкери асманга ок чыгарды делген видео тараган.

Мындан соң бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Анда кармалган жаран 12-ноябрь күнү саат 03:00 чамасында Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз үлгүдөгү тапанча менен кызматкер ок чыгарган.

Бүгүн, 24-ноябрда ал адам аныкталып, 19 жаштагы  Р.Б. Ленин райондук милициясына  жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Бишкекте аскер адамы асманга ок чыгарды (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>